Кыргызстан Түркияга гумжардам жиберди

Кыргыз өкмөтү, Кыргыз калкы,өлкөдөгү уюмдар жана диаспоралар жардам чогултуп Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине жеткирип жатышат.

1945057
Кыргызстан Түркияга гумжардам жиберди
Kırgızistan deprem yardım 1.jpg
Kırgızistan deprem yardım 2.jpg
Kırgızistan deprem yardım 3.jpg
Kırgızistan deprem yardım 4.jpg
Kırgızistan deprem yardım 5.jpg
Kırgızistan deprem yardım 6.jpg
Kırgızistan deprem yardım 7.jpg

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Түркиядагы зилзала болгон аймакка 3 тоннага жакын гуманитардык жардам жиберди.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр жер титирөөдө курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жабыркагандар тез арада сакайып кетишин каалады.

“Түркия жергесинде орун алган оор табигый кырсыкты – жер титирөөнү, анын кесепетинен көп сандаган жарандардын каза болгондугу жана жабыр тарткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун жакындарына жана жалпы боордош Түркия элине ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан көңүл айтам. Каза болгондордун жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм, ошондой эле кырсыктан жабыркаган жарандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Жараткан жалпы Түркия элине сабырдуулук, кайраттуулук, чыдамкайлык берип, ылайым тынчтык өкүм сүрүп, кайгылуу окуялардан алыс кылсын”, - деди Ниязбеков.

Жолугушууда Ички иштер министрлигинин атынан 3 тоннага жакын гуманитардык жардам жиберилгени маалым болду. Анын ичинде жууркан, уктоочу каптар, кичинекей килемчелер, чатырлар жана жылыткычтар бар.

Ошондой эле Кыргыз өкмөтү, Кыргыз калкы,өлкөдөгү уюмдар жана диаспоралар жардам чогултуп Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине жеткирип жатышат.

 

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги 10.02.2023

Пресс-релиз

Өлкөбүздө болуп өткөн жана эбегейсиз чоң аймакка зыян алып келген жер титирөөдөн жапа чеккен муктаждыгы бар адамдарга көрсөтүлгөн жардамдын алкагында, кайрымдуу кыргыз элинен келген жардамдын 6 тоннага жакыны муктаждарга жеткирилүүсү үчүн «Түрк аба жолдору» жана «Пегасус» авиакомпанияларына тапшырылып берилди.

Жиберилген жардамдын көбүн кышкы кийимдер, жууркан, жаздык, уктоочу баштык, балдар жалаягы, гигиеникалык каражаттар жана азык-түлүктөр түзөт.

Буга кошумча 2023-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Түркияга чатыр, чатыр төшөгү, уктоочу баштык, жылыткыч жана жууркандардан турган жардам жөнөтүлдү.

Элчиликтин жардам чогултуу жайларына келген жардамдарды аба жолу компаниялары аркылуу жөнөтүүнү уланта беребиз.

Көрсөткөн жардам жана колдоосу үчүн Кыргыз элине, Өкмөтүнө жана Кыргызстандагы диаспораларга чоң ыраазычылык билдиребиз.

Урматтоо менен билдиребиз.



Тектеш кабарлар