Кыргызстан куткаруучуларын Түркияга жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 6-февралда жер титрөө катталган Түркия Республикасына кыргызстандык куткаруучулар жардамга жөнөтүлдү.

1942756
Кыргызстан куткаруучуларын Түркияга жөнөттү
Kırgızistan arama-kurtarma ekibini gönderdi 1.jpg
Kırgızistan arama-kurtarma ekibini gönderdi 2.jpg
Kırgızistan arama-kurtarma ekibini gönderdi 4.jpg
Kırgızistan arama-kurtarma ekibini gönderdi 5.jpg
Kırgızistan arama-kurtarma ekibini gönderdi 6.jpg

КЫРГЫЗСТАН КУТКАРУУЧУЛАРЫН ТҮРКИЯГА ЖӨНӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 6-февралда жер титрөө катталган Түркия Республикасына кыргызстандык куткаруучулар жардамга жөнөтүлдү.

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде урандылардын астында калган адамдарды издөөгө жана куткарууга, тазалоого Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 63 куткаруучу Түркия мамлекетине кетти.

Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш азыктарын, издөө, куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын өздөрү менен алып кетишет. Мындан сырткары урандылардын астынан жабыр тарткан адамдарды издөөгө ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун машыктырылган 2 ити тартылмакчы.

Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар, врач, фельдшерлер, психологдор, кинолог бар.

Белгилей кетсек, жакынкы арада Түркия Республикасына гуманитардык жардам да жөнөтүлөт.

Булак; УТРК



Тектеш кабарлар