Алиев менен Раиси телефон акылуу сүйлөшүү өткөрдү

Азербайжан Республикасынын Президенттигинен берилген маалыматка караганда, Ирандын президенти Ибрахим Раиси президент Алиевге телефон чалды.

1939129
Алиев менен Раиси телефон акылуу сүйлөшүү өткөрдү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Ирандын президенти Ибрахим Раиси Тегерандагы Азербайжан элчилигине болгон кол салуу тууралуу телефон аркылуу сүйлөштү.

Азербайжан Республикасынын Президенттигинен берилген маалыматка караганда, Ирандын президенти Ибрахим Раиси президент Алиевге телефон чалып, кол салууда каза болгон коопсуздук кызматынын башчысы боюнча көңүл айтып, жарадар болгон коопсуздук кызматкерлеринин сакайып кетишин тиледи.

Алиев Тегерандагы Азербайжандын элчилигине каршы террордук актты кескин айыптап, бул кандуу акт тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр жазаланат деген үмүтүн билдирди.

Ирандын президенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Раиси кесиптешине кол салуунун өлчөмдөрүнүн тиешелүү мекемелер тарабынан иликтенгенин билдирип: «Иран менен Азербайжандын ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер бузулбас маданий жана тарыхый байланыштарга негизделген»,- деп айтты.

Раиси Иран менен Азербайжандын өкмөттөрүнүн «эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын душмандардын таасиринде калышына жол бербей турганын» белгиледи.

Азербайжандын Тегерандагы элчилигине мурдагы күнү  эртең мененки сааттарда болгон куралдуу кол салууда элчиликтин коопсуздук кызматынын башчысы каза болуп, эки коопсуздук кызматкери жарадар болгону кабарланган.

Иран бийлиги кол салган адам окуядан кийин кармалганын жарыялады.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги да кол салууну айыптап, Тегерандагы элчилигинин эвакуациялана турганын билдирген.



Тектеш кабарлар