Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан Камбар  - Ата ГЭСин биргелешип куруу боюнча  макулдашты

Казакстандын Энергетика министрлигинин билдирүүсүнө караганда, министр Болат Акчулаков  Бишкекте сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

1929239
Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан  Камбар  - Ата ГЭСин биргелешип куруу боюнча  макулдашты

Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан Борбор Азияга электр бере турган жана аймактын суу муктаждыгын тең салмактай турган Кыргызстандагы  Камбар  - Ата ГЭСин биргелешип куруу боюнча  макулдашты.

Казакстандын Энергетика министрлигинин билдирүүсүнө караганда, министр Болат Акчулаков  Бишкекте сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Казак министр Акчулаков Кыргызстандын энергетика министри Талайбек Ибраев жана Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин министрлер Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭСин куруу боюнча жол картасына кол коюшту.

Жогоруда айтылган жол картасында тараптар долбоорду ишке ашыруунун шарттары тууралуу макулдашып, ГЭСти өз мөөнөтүндө ишке киргизүү үчүн таштала турган кадамдарды аныкташкан.

Кыргызстандагы эң ири Камбар-Ата ГЭСи Борбор Азия өлкөлөрүн энергия менен камсыздап, аймактын сууга болгон муктаждыгын тең салмактай тургандыгы күтүлүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар