McDonald's Казакстандагы ишин токтотту
Бул тууралуу McDonald’sтын Казакстандагы кеңсеси билдирди.
1928714
Америкалык тез тейлөө ресторандар тармагы McDonald's Казакстандагы ишин токтотконун жарыялады.
McDonald’sтын Казакстандагы кеңсесинин билдирүүсүндө : «Фуд Солюшнз KZ LLP тарабынан башкарылган тез тейлөө ресторандар чынжыры Казакстанда McDonald's бренди менен камсыздоонун чектелүүсүнөн улам ишин токтотту»,- деп айтылды.
Маалыматта тез тейлөө ресторандарынын жаңы ат менен ишин баштай турган күндүн жакынкы учурда жарыяланары белгиленип : "Өткөөл күндөн кийин фирманын улантуусуна байланыштуу бардык суроолорго жооп берилет",- деп билдирилди.