Өзбекстандан Ооганстанга гуманитардык жардам

Өзбекстан Ооганстанга Рамазан айында датемир жол аркылуу 4 миң тонна, июнь айында 74 тонна гуманитардык жардам жөнөткөн болчу.

1922775
Өзбекстандан Ооганстанга гуманитардык жардам

Өзбекстан Ооганстанга 170 тонна гуманитардык жардам жөнөттү.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, өзбек өкмөтү Ооганстанга 170 тонна гуманитардык жардам жөнөттү.

Ун, буудай, күрүч, өсүмдүк майы, консерва, кийим-кече жана бут кийим сыяктуу материалдардан турган жардам пакеттери Ооганстандын Хайратан шаарына кургактык аркылуу жеткирилди.

Өзбекстандын президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исметулла Эргашев жана Сурхандарья облусунун губернатору Тора Бабаловдун жетекчилигинде гуманитардык жардамдар ооган бийлигине жеткирилди.

Талибандын көзөмөлүндөгү Балх облусунун губернатору Мухаммад Давуд Музаммил жардамдарды тапшырып алуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө, оор мезгилде көрсөткөн колдоосу үчүн Өзбекстанга ыраазычылык билдирип, бул жардамдын эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык мамилелердин көрсөткүчү экенин белгиледи.

Өзбекстан Ооганстанга Рамазан айында темир жол аркылуу 4 миң тонна, июнь айында 74 тонна гуманитардык жардам жөнөткөн болчу.



Тектеш кабарлар