Азербайжан: «Лачын коридорун жарандар колдоно алышат»

Азербайжандагы активисттер менен экологиялык бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү нааразылык акциясына чыккан Лачын коридору аркылуу жарандар өтө алышат.

1920838
Азербайжан: «Лачын коридорун жарандар колдоно алышат»

Армениянын Лачын коридору аркылуу жарандарды өткөрбөй жатат деген дооматын Азербайжан бийлиги четке какты.

Азербайжандагы активисттер менен экологиялык бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү нааразылык акциясына чыккан Лачын коридору аркылуу жарандар өтө алышат.

Армян калкы жашаган жана орус күчтөрү убактылуу жайгаштырылган Азербайжандын аймагында кендердин мыйзамсыз иштетилишине жол бербөө үчүн бейөкмөт уюмдар тарабынан демилгеленген нааразылык акциясы уланууда.

Шушага жакын жердеги Ханкенди менен Арменияны байланыштырган жолдогу орус күчтөрүнүн көзөмөл-өткөрмө пунктунда 12-декабрдын таңында башталган акциянын 8-күнүндө да митингчилер аба ырайынын сууктугуна карабай аймактан чыккан жок.

Карабахта армян калкы жашаган аймактагы шахталардын мыйзамсыз иштешин жана анын натыйжасында экологияга зыян келтирүүнүн алдын алууну каалаган демонстранттар орус күчтөрүнүн командири Андрей Волковдун аймакка келишин талап кылышууда.

Армения бийлиги тарабынан Лачын коридору аркылуу жарандардын өтүшүнө тыюу салынган деген дооматтары Азербайжан тарабынан четке кагылды.

Орус күчтөрүнүн тосмолорунан улам жол жабылганын белгилеген Азербайжан бийлиги жарандык өтмөктөрдөн өтүүлөр үчүн эч кандай тоскоолдук жок экенин билдирүүдө.

Коридордун жарандар үчүн ачык экенин нааразылык акциясынан алынган сүрөттөр да тастыктайт.

Орус күчтөрүнө таандык гуманитардык жардамдарды ташыган унаалардын жолду колдонгону социалдык медиада бөлүшүлгөн көптөгөн сүрөттөрдүн биринде орус аскерлеринин үй-бүлөлөрүнүн жолду тоскоолдуксуз кесип өткөнү көрүнүүдө.



Тектеш кабарлар