ТКТР ЕБнин жалпы иштер кеңешинде кабыл алынган чечимди толугу менен четке какканын билдирди

Бул тууралуу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө орун алган.

1920372
ТКТР ЕБнин жалпы иштер кеңешинде кабыл алынган чечимди толугу менен четке какканын билдирди

Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) Европа Биримдиги (ЕБ) жалпы иштер кеңешинде кабыл алынган чечимди толугу менен четке какканын билдирди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, чечимге каршы чыгуусу:«Европа Биримдиги жалпы иштер кеңешинде кабыл алынган чечим менен Рум башкаруусунун Тышкы иштер министрлигинин чечимден кийин жасаган билдирүүсүн толугу менен четке кагабыз»,-деп айтылган.

Билдирүүдө Евробиримдиктин чечимдеринин жана билдирүүлөрүнүн бирден-бир максаты, өзүнүн принциптерине карама-каршы; Копенгаген критерийлерине туура келбесе дагы кеңейүүнү талап кылган Германияны жана гректердин ветосуна бөгөт коюу үчүн мүчө катары кабыл алган Түштүк Кипр Рум Башкаруусун канааттандыруу экендиги баса белгиленди.

Билдирүүдө : «Кипрдик рум тарап жана колдоочуларынын аралыбыздагы жана аймагыбыздагы окуяларды туура анализдөөдөн алыс экени көрүнүп турат. Кипр сүйлөшүү процессиндеги тажрыйбалар сүйлөшүүлөрдүн Кипр түрк калкын жыйынтыксыз бир процессте камоого алып жатканын жана биздин элибизге зыян келтире турган абалдын аякташына алып келээрин ырастоодо»,-деп баалоо жүргүзүлдү.

Кипрдин Рум тарабына комфорт зонасын камсыз кылган статус-квонун БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү резолюциялары менен чечиле албастыгын жана бул чечимдердин өзгөргөн шарттардан бир топ артта калганын баса белгилеген билдирүүдө: «Ушул себептен Түндүк Кипр Түрк Республикасы Түркия Республикасы менен кеңешип, эгемендик теңдигибиздин негизинде жаңы бир көз карашты аныктады. Бул көз караш реалдуу жана өзгөргөн шарттарга ылайыктуу конструктивдүү бир көз караш»,-деп айтты.

Билдирүүдө, «Кипрдин тышкы иштер министри Иоаннис Касулидестин эгемендик теңдигибизди таанууну алдын ала шарт катары койгонубуз тууралуу билдирүүсү болсо Түндүк Кипр Түрк Республикасынын позициясын түшүнбөгөнүн көрсөтүүдө. Эгемендүү теңдгибиздин таанылышына карата саясатыбыздын принциптүү жана атайын укугубуздун таанылышы маселеси экенинин баса белгилениши пайдалуу болот деп эсептейбиз»,деп айтылган.



Тектеш кабарлар