Түркия, Түркмөнстан, Азербайжан биргелешкен билдирүү жарыялашты

Декларацияда «Тараптар ыктымалдуу инвестициялар, туруктуу жана ишенимдүү камсыздоону өнүктүрүү жана энергетикалык ресурстардын транзити менен бирге биргелешкен иш-аракет жана долбоорлорду колдошот»,-деген сөздөр камтылды.

1919994
Түркия, Түркмөнстан, Азербайжан биргелешкен билдирүү жарыялашты

Түркмөнстанда 14-декабрда өткөн Түркия, Түркмөнстан жана Азербайжан президенттеринин Биринчи саммити тууралуу 25 беренелик биргелешкен билдирүү жарыяланды.

Энергетика жана жаратылыш газы менен камсыздоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн өзгөчө маанисине басым жасалган билдирүүдө: «Тараптар ыктымалдуу инвестициялар, туруктуу жана ишенимдүү камсыздоону өнүктүрүү жана энергетикалык ресурстардын транзити менен бирге биргелешкен иш-аракет жана долбоорлорду колдошот»,-деген сөздөр камтылды.

Декларацияда Түркия, Түркмөнстан жана Азербайжандын орток тарых, тил, маданият жана цивилизациялык жакындыктын негизинде ар тараптуу байланыштарын өнүктүрүү жана тереңдетүү каалоосунан улам тең укуктуулук, өз ара урматтоо жана пайда көрүү принциптерине таянган мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдөө боюнча убадалар орун алды.



Тектеш кабарлар