Азербайжан экологияны текшерүүнү баштайт

Өзгөчө аймактагы Кызылбулак алтын кени менен Демирли коло кенинин текшерилери билдирилди.

1917265
Азербайжан экологияны текшерүүнү баштайт

Азербайжандын армян калкы жашаган жана убактылуу орус күчтөрү жайгаштырылган аймактарда экологияны текшере баштай тургандыгы билдирилди. 

Азербайжандын экономика министрлиги менен экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинен берилген маалыматта орус күчтөрүнүн командирлиги менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында азербайжандык адистердин армян калкы жашаган Азербайжан жерлеринде кендердин мыйзамсыз түрдө иштетилиши жана мындан улам келип чыккан экологиялык жана башка зыяндар тууралуу текшерүүнү баштай тургандыгы белгиленди.

Маалыматта өзгөчө аймактагы Кызылбулак алтын кени менен Демирли коло кенинин текшерилери, бул кендердин экологияга, жер астындагы жана жер үстүндөгү суу булактарына тийгизе турган ыктымалдуу зыяны менен коркунучтарынын каралары билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар