Чавушоглу менен Өмүралиев жолугушту

Жолугушууда министр Чавушоглу башкы катчы Өмүралиевдин башкы катчылык кызматын маанилүү мезгилде колго алганын белгилеп, алдыдагы мезгилде Уюмдун дагы да өнүгүп, бекемделиши үчүн башкы катчы менен бирге иштеше тургандарын билдирди.

1908458
Чавушоглу менен Өмүралиев жолугушту
Çavuşoğlu-Ömüraliev 2.jpg

2022-жылдын 18-ноябрында Тышкы иштер министрлигинин Стамбулдагы өкүлчүлүгүндө Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту.

Жолугушууда министр Чавушоглу башкы катчы Өмүралиевдин башкы катчылык кызматын маанилүү мезгилде колго алганын белгилеп, алдыдагы мезгилде Уюмдун дагы да өнүгүп, бекемделиши үчүн башкы катчы менен бирге иштеше тургандарын билдирди.

Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы Өмүралиев министр Чавушоглуга уюмдун ишмердүүлүгүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда министр Чавушоглу менен баш катчы Өмүралиев Түрк Мамлекеттер Уюмунун алкагында жүргүзүлүп жаткан кызматташуу иш-чараларын талкуулашты.

Башкы катчы Өмүралиев министр Чавушоглуга түрк дүйнөсүнүн жыргалчылыгы үчүн координацияланган иштерди мындан ары да бекемдөө жана өнүктүрүү максатында катчылыктын иш концепциясында жана түрк кызматташтыгынын башка тиешелүү жана туунду мекемелери менен өз ара аракеттенүүдө киргизиле турган өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди.

Башкы катчы Өмүралиевге жаңы кызматында ийгиликтерди каалаган министр Чавушоглу жаңы баш катчыны жана Уюмду иштеринде ар дайым колдой тургандарын баса белгиледи.

Кийинчерээк Твиттер эсебинен маалымат бөлүшкөн Чавушоглу: "Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы болуп дайындалган элчи Кубанычбек Өмүралиев менен жолугуштук.

Орток тарыхыбыздан алган күч менен биз чечкиндүү кадамдарды таштап жалпы келечекке бара жатабыз.

Биз бирге күчтүүбүз!"-деди.

 



Тектеш кабарлар