Европа Биримдиги-Борбор Азия тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу

Кечээ Өзбекстандын Самарканд шаарында Европа Биримдиги-Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин 18-жыйыны болуп өттү.

1907974
Европа Биримдиги-Борбор Азия тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу

Кечээ Өзбекстандын Самарканд шаарында Европа Биримдиги-Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин 18-жыйыны болуп өттү.

Жолугушууга Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов, Казакстандын вице-премьер-министри-тышкы иштер министри Мухтар Тилауберди, Тажикстандын тышкы иштер министри Сиракиддин Мухриддин, Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдагазиев, Түркмөнстандын иштери тышкы иштер министринин орун басары  Вепа Гажиев жана Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл катышты.

Жыйында министрлер; соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук, коопсуздук, жашыл энергетика жана туруктуу өнүгүү, билим берүү, илим жана инновациялар тармагында аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, Ооганстан менен Украинадагы кырдаалдын аймакка таасири жана ага байланыштуу маселелер тууралуу пикир алмашты.

Жолугушуунун ачылышында сөз сүйлөгөн Норов, Өзбекстандын Евробиримдик менен өз ара пайдалуу мамилелерди кеңейтүүнү жана тереңдетүүнү жактай турганын жана Евробиримдиктин 2019-жылы кабыл алынган Борбордук Азия боюнча стратегиясын колдой турганын белгиледи.

Бул контекстте Өзбекстандын тышкы иштер министри бул стратегияны ишке ашырууну тездетүү үчүн бирдиктүү жол картасын кабыл алуу маанилүү экенин баса белгиледи.

Жабык эшик артында өткөн жолугушуудан кийин Боррелл менен Норов брифинг өткөрүштү.

Боррелл бүгүнкү күндө Борбордук Азия дүйнөнүн стратегиялык маанилүү аймактарынын бири экенин белгилеп: «Европа менен Азиянын ортосунда жайгашкан Борбор Азиянын стратегиялык мааниси өсүүдө»,-деди.

Боррелл Евробиримдик тараптардын өз ара кызматташтыгын мындан ары да чыңдоо үчүн бардык зарыл колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар