Шентоп Кипрде чечимдин эки тең жана эгемен мамлекет менен гана мүмкүн боло турганын айтты

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) 39 жылдыгына арналган аземдер үчүн аралга барган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп сөз сүйлөдү.

1906526
Шентоп Кипрде чечимдин эки тең жана эгемен мамлекет менен гана мүмкүн боло турганын айтты

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, Кипрде чечимдин эки тең жана эгемен мамлекет менен гана мүмкүн боло турганын айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) 39 жылдыгына арналган аземдер үчүн аралга барган Шентоп, «Түндүк Кипр Түрк Республикасына жол» даректүү тасмасынын таанытма сөзүндө ТКТР жолунда мамлекет жана анын эли бул күндөргө кан, көз жаш, тер төгүп келгенин билгендигин, жарым кылымдан ашык убакыттан бери уланып келе жаткан теңдик жана адилеттүүлүк күрөшүнүн дагы деле уланып жатканын баса белгиледи. .

Бул процессте Түркиянын да аралда жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде аймактын тынчтыгы жана бейпилдиги үчүн чоң аракет жасаганын эске салган Шентоп, Түркиянын Кипр темасында конструктивдүү сунуштарды алып, ырааттуулук жана кызматташтыкты биринчи орунга койгонун белгиледи.

Бул контекстте кипрлик түрктөрдүн да чечүүчү жол үчүн бардык аракетин жумшаганын жана ар дайым күчтүү эрк көрсөткөнүн белгилеп, сөзүн: «Рум тарап менен Грециянын кадамы тынчтыкка сунулган колду түртүү болду. Бул ырааттуулукка жана кызматташтыкка доо кетирүү болду. Теңчиликке негизделген чечимди четке кагуу болду. Түрктөрдүн укуктарын көрмөксөнгө салуу болду»,-деп улантты.

Шентоп Кипр түрк калкы шейиттеринин каны, жаны жана өмүрү менен төлөгөн, ар бир инсандын курмандыгы менен курган бул мамлекетинен эч качан баш тартпай турганын айтып: «Ушул учурда, бүгүн Кипрде чечимдин эки тең жана эгемендүү мамлекет менен гана мүмкүн боло тургандыгы ачык айкын болду. Биз бул жолдон кайтпайбыз. Аралдын негизги элементи болгон кипрлик түрктөрдүн өз мекенинде азчылык кылынышына эч качан уруксат бербейбиз»,-деди.



Тектеш кабарлар