Токаев: «Биз эгемендүүлүгүбүздү катуураак позиция менен коргоого даярбыз»

Токаев иш сапары менен Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан Мангистау облусунун административдик борбору Актау шаарына барды.

1903280
Токаев: «Биз эгемендүүлүгүбүздү катуураак позиция менен коргоого даярбыз»

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев көз карандысыздыкты жана улуттук кызыкчылыктарды дипломатиянын жардамы менен гана эмес, катаал позициялар менен да коргоого даяр экендиктерин билдирди.

Токаев иш сапары менен Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан Мангистау облусунун административдик борбору Актау шаарына барды.

Аймак эли менен жолуккан Токаев өз сөзүндө 2018-жылы Актауда өткөн акыркы саммитте Каспий деңизинин укуктук статусу менен өлкөнүн чек ара көйгөйлөрүнө чекит койгонун айтты.

Учурда Казакстандын бардык мамлекеттик чек аралары мыйзамдуу түрдө аныкталганын белгилеген Токаев:«Бул маселе боюнча экс-советтик өлкөлөрдүн көбүндө дагы эле ар кандай пикир келишпестиктер бар. Биздин эң жакын коңшуларыбыздын чек арасында да согуштар жана куралдуу кагылышуулар болуп жатат»,-деп айтты.

Президент Токаев шайлоо процессине кирген өлкөсүндө акыркы айларда мамлекеттин маалымат системаларына кол салуулар көбөйгөнүнө көңүл буруп:«Биз жалган маалыматтын жайылышын токтотобуз. Мен муну мурда да айтканмын. Биз ыйык эгемендүүлүгүбүздү жана улуттук кызыкчылыктарыбызды дипломатия менен гана эмес, катаал позициялар менен коргоого даярбыз»,-деди.

Токаев мамлекеттин туруктуулугуна жана коопсуздугуна тышкы саясаттагы күн тартиби сыяктуу эле ички кырдаал да чоң таасирин тийгизип жатканын белгиледи.

«Өлкөбүздө жана чет өлкөлөрдө фитна жана душмандык себүүчүлөр бар болсо, биз кайдыгер боло албайбыз»,-деди ал.



Тектеш кабарлар