Чавушоглу: «Аймакты стабилдүүлүктүн аралына айландыруунун жолу – ынтымагыбызды чыңдоодон өтөт»

Чавушоглу Стамбулдагы Президенттиктин Долмабахче  Эмгек кеңсесинде өткөрүлгөн ТМУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынынын ачылышында сөз сүйлөдү.

1893756
Чавушоглу: «Аймакты стабилдүүлүктүн аралына айландыруунун жолу – ынтымагыбызды чыңдоодон өтөт»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынында: «Биздин аймакты стабилдүүлүктүн аралына айландыруунун жана элдерибиздин бакубаттуулугун жогорулатуунун жолу – ынтымагыбызды чыңдоодон өтөт»,-деди.

Чавушоглу Стамбулдагы Президенттиктин Долмабахче  Эмгек кеңсесинде өткөрүлгөн ТМУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынынын ачылышында сөз сүйлөдү.

11 ай мурда Стамбулда тарыхый кадам таштагандарын жана «үй-бүлө жыйынын» эл аралык уюмга айландырышкандарын белгилеген Чавушоглу, Түрк дүйнөсүнүн потенциалын ишке ашыра турган институттук түзүлүшкө жеткендерин айтты.

Министр Чавушоглу: «Бүгүнкү күндө Түрк дүйнөсү тарыхта болгондой глобалдык геосаясаттын борборуна айланды. Энергия, соода жана транспорт жолдорунда чыгыш менен батышты, түндүк менен түштүктү бириктирген критикалык позициябыз бар. Бул кыйын мезгилде Түрк дүйнөсү глобалдык ырааттуулуктун жана гүлдөп өнүгүүнүн борбору болуп калды»,-деп айтты.

Ковид-19 эпидемиясынын жаралары жазыла электе, Украинадагы согуштун таасиринен солкулдашкандарын жана согуш менен сынашкандарын белгилеген Чавушоглу, глобалдык ырааттуулук жана бакубаттуулуктун коркунучта экенин, энергетика жана азык-түлүк бааларынын өсүп жатканы бүткүл дүйнөгө коркунуч келтиргенин баса белгиледи..

Чавушоглу Түрк дүйнөсү катары бул окуялардан түздөн-түз таасирленгендерин белгилеп: «Бүгүн биз бул окуяларды карап чыгабыз жана биргелешкен кадамдарга баа беребиз. Айланабыздагы кризистердин алдын алуу үчүн аракет кылуу менен бирге келечекке күчтүү көз карашты да алдыга коюшубуз керек. Аймагыбызды стабилдүүлүк аралына айландыруунун жана элибиздин жыргалчылыгын жогорулатуунун жолу– ынтымагыбызды чыңдоо менен болот. Биримдигибизди чыңдоонун жолу болсо– өз убагында туура кадам жасоо, кайраттуулук менен кадам таштоо»,-деп айтты.

Келээрки айда Самаркандда боло турган TМУ Саммитинде жолугуша тургандарын белгилеген Чавушоглу бул саммит менен кезектешкен төрагалык мөөнөттү Өзбекстанга өткөрүп бере тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар