Энтони Блинкен Илхам Алиевге ыраазычылык билдирди

АКШнын мамлкеттик катчылыгынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Блинкендин Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөдүгү билдирилди.

1891289
Энтони Блинкен Илхам Алиевге ыраазычылык билдирди

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Азербайжан менен Армениянын ортосундагы түздөн түз сүйлөшүүлөр тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиевге ыраазычылык билдирди.

АКШнын мамлкеттик катчылыгынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Блинкендин Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөдүгү билдирилди.

Маалыматта : "Мамлекеттик Блинкен Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлери менен лидерлеринин ортосундагы акыркы түздөн түз сүйлөшүүлөр менен улантууга боло турган тынчтык келишимин түзүү үчүн таштаган оң кадамдардан улам ыраазычылык билдирди. Катчы Блинкен Азербайжандын 4 -  октябрда 17 согуштук туткунду  бошотушун ыраазычылык менен кабыл алды»,- деп билдирилди.

Блинкендин  Президент Алиевге тынчтык процессин колдоо үчүн мөөнөттүү жана өлчөнгөн кадамдарды улантууга чакыргандыгы белгиленген билдирүүдө булар айтылды : «Мамлекеттик катчы Блинкен чектердин так түрдө белгилениши, транспорт байланыштары, дайынсыз жоголгон кишилердин табылышы жана аныкталышы, туткундардын тапшырылышы жана башка темалар менен бул процессте  бардык темада АКШнын колдоосун кайталадык. Тоолуу Карабах тургундарынын мыйзамдары жана коопсуздугу тууралуу талаш  - тартыштардын мааниси менен эки тараптын да ок атышпоону улантып, туруктуу тынчтыктын бир гана жолу катары сүйлөшүлгөн бир келишимге көңүл бурушу керектигин баса белгиледи».

Энтони Блинкен андан кийин Армениянын премьер  - министри Никол Пашинян менен да телефон аркылуу сүйлөшүп, тынчтык процесси тууралуу Азербайжан менен иштөөнү улантууга чакырды.

 



Тектеш кабарлар