ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн машыгуулары уланууда

Смадияров апталык маалымат жыйынында билдирүү жасады.

1887840
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн машыгуулары уланууда

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн аскер бөлүктөрүнүн Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка катышуусунун мүмкүн эмес экенин билдирди.

Смадияров апталык маалымат жыйынындагы билдирүүсүндө, Казакстандын эл аралык укук жана Бириккен Улуттар Уюмунун принциптеринин алкагында мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн, эгемендик тең укуктуулугун жана тынчтыкта ​​жанаша жашоосун жактай турганын баса белгиледи.

ЖККУнун миссия аймагынын уюмга мүчө мамлекеттердин эл аралык таанылган чек араларын камтыганын маалымдаган Смадияров: «Жамааттык коопсуздук ушул чек араларга гана тиешелүү. Андыктан Орусия-Украина жаңжалы зонасында ЖККУнун катышуу темасы күн тартибинде жок»,-деди.

Ал арада Казакстанда ЖККУга мүчө мамлекеттердин ыкчам бөлүктөрүнүн машыгуулары уланууда.

Казакстандын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, 3-октябрдан тарта машыгуулардын активдүү этабынын башталганы жана 7-октябрга чейин улана турганы кабарланды.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Жамбыл облусунун Матибула талаасында үч башка аталышта өтүп жаткан машыгууга ЖККУга мүчө өлкөлөрдөн 6500дөн ашуун аскер жана 850дөн ашуун аскердик техника катышууда.



Тектеш кабарлар