Тажикстан Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр

Тажикстандын тышкы иштер министри БУУда кайрылуу жасады.

1884178
Тажикстан Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр

Тажикстандын тышкы иштер министри Сиражеддин Мухриддин, өлкөсүнүн өз аймагында тынчтык жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын айтып, Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин билдирди.

Министр Мухриддин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында катышуучуларга кайрылуусунда, өткөн апталарда Кыргызстан-Тажикстан чек арасында болгон кагылышуулар ​​жана акыркы кырдаал боюнча маалымат берди.  

19-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлганын эске салган Мухриддин: «Эки тараптын аскерлери жана аскердик техникалары туруктуу позицияларына кайтуусу керек. Чек ара аймагында биргелешкен текшерүү жүргүзүлдү. Келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн биргелешкен ыкчам топ түзүлдү. Эң негизгиси эки тарап өзгөчө саясий жана дипломатиялык жолдор менен эки тараптуу маселелерди чечүү ниетин ырасташты»,- деди.

Тажик-кыргыз чек арасындагы жаңжалга байланыштуу кыргыз бийлигинин БУУдагы билдирүүлөрүнө токтолгон Мухриддин: «Чек ара маселесинин БУУнун Башкы ассамблеясында негизсиз түрдө күн тартибине алып келингени өкүнүчтүү»,-деп айтты.

Чек ара маселелерин популисттик жана кризис жаратуучу билдирүүлөр менен чечүүгө болбой турганын белгилеген Мухриддин, бүгүнкү күндө эки өлкөнүн чек арасынын 61 пайызын түзгөн 602 чакырымдык бөлүгү боюнча билдирүүнүн долбоорун иштеп чыгууга жетишкендерин жана бул маселе боюнча бир пикирге келе алышканын түшүндүрдү.

Тажикстандын тынчтыктын баркын билгенин жана өз аймагында туруктуулук жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн колунан келгендин баарын жасай турганын баса белгилеген Мухриддин: «Биз сүйлөшүүлөрдү улантууга даярбыз. Тажик жана кыргыз элдеринин ынтымак, достук жана тынчтык атмосферасын биргеликте курууга жана чогуу жашоого укуктуу экенине толук ишенебиз»,-деди.

14-17-сентябрда Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстанда 62, Тажикстанда 35 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар