Казакстанда 20 - ноябрда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун 20 -  ноябрда өткөрүлүшүнө байланыштуу жарлыкка кол койду.

1882870
Казакстанда 20  - ноябрда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Казакстандын президенти Касым -  Жомарт Токаев өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун 20 -  ноябрда өткөрүлүшүнө байланыштуу жарлыкка кол койду.

Кол койгондон кийин жазуу түрүндө маалымат берген Токаев июнь айында өткөн конституциялык референдумдун алкагында саясий, социалдык жана экономикалык тармактарда жүргүзүлгөн реформаларга токтолуп : "Элибиз саясий системаны алмаштырууга карата пландарыбыздын маанисин жакшы түшүнөт",- деди. 

Токаев конституция боюнча мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун 2022 -  жылы 20 -  ноябрда өтүшүнө байланыштуу жарлыкка кол койгондугун белгилеп : "Бул шайлоо өлкөнүн  бардык саясий системасын түп тамырынан бери өзгөртө турган процесстин башталышы болот",- деди. 

Бул шайлоо менен өлкөдө экономикалык жана элдин жыргалчылыгы үчүн узун мөөнөттүү милдеттердин аткарылышына мүмкүнчүлүк түзүлөрүн баса белгилеген Токаев : "Кыска убакыттын ичинде шайлоодон мурда максаттарымды билдирем. Учурдагы  президент катары  шайлоо процесси мыйзамды так сактоо менен таза, ачык - айкын, жергиликтүү жана чет элдик байкоочулардын кеңири катышуусунда өткөрүлөт деп кепилдик берем”,- деди. 

 



Тектеш кабарлар