Жапаров Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1881377
Жапаров Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин басма сөз борборунан алынган жазуу түрүндөгү маалыматка караганда,өлкө лидерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинге учурдагы абал, кыргыз тараптан каза болгондордун жана жабыркагандардын саны, кагылышуулардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилердин талкаланышы жөнүндө маалымдады. 

Эки тараптан тең Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кризистик кырдаалды тынчтык дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Ал арада президент Жапаров 19-сентябрда Кыргызстандын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда каза болгондорду эскерип, жалпы элдик аза күтүү жарыялады.

Жапаров ошондой эле жаңжалдан жапа чеккен административдик жана жарандык турак жайларды реконструкциялоо жана өнүктүрүү, ошондой эле калыбына келтирүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө жарлыкка кол койгону айтылды.

Кыргызстан-Тажикстан чек арасындагы эки өлкөнүн күзөт бөлүмдөрүнүн ортосундагы куралдуу кагылышууда Кыргызстан тараптан 46 адам каза болуп, 129 адам жаракат алган.



Тектеш кабарлар