Казакстандын борбор шаары Нур - Султан кайрадан Астана болот

Казакстан парламентинин астыңкы канаты Парламент менен  жогорку канаты Сенаттын биргелешкен отурумунда Конституциянын айрым беренелеринде киргизиле турган  тескөөлөрдү караган мыйзам долбоору кабыл алынды.

1880987
Казакстандын борбор шаары Нур  - Султан кайрадан Астана болот

Казакстан парламенти борбор шаар Нур  - Султандын аты кайрадан Астана болушу үчүн Конституцияга киргизиле турган өзгөрүүлөрдү камтыган мыйзам долбоорун бекитти.

Казакстан парламентинин астыңкы канаты Парламент менен  жогорку канаты Сенаттын биргелешкен отурумунда Конституциянын айрым беренелеринде киргизиле турган  тескөөлөрдү караган мыйзам долбоору кабыл алынды.

Буга ылайык борбор шаар Нур  - Султандын  аты кайрадан Астана болуп өзгөрөт.

Жогоруда аталган мыйзам долбоору президент Касым Жомарт Токаев кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

Буга чейин Казакстан парламентинде бир гурппа депутат  элдин борбор шаардын жаңы аталышы Нур -Султанды кабыл ала албагандыгын айтып, Астананын эски атын шаарга кайтарууну сунушташкан.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев 12-сентябрда Конституциялык кеңешмеге кайрылып, депутаттардын бул сунушу Конституцияга туура келерин ырастап, оң жооп алган.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 2019 - жылдын 19 - мартында президенттиктен кеткенден бир күн өткөндөн кийин парламенттеги кызматка киришкен президент Токаев борбор шаар Астананын атын Нур Султан деп өзгөртүү сунушун киргизген.

Өлкөнүн ар кайсы аймактарында өткөн митингдерге жана кол топтоо кампанияларына карабастан, 2019-жылдын 23-мартында Жогорку Кеңеште бул сунуш бир добуштан кабыл алынып, өлкөнүн борбору «Нур Султан» деп аталган.



Тектеш кабарлар