Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчөлүгү

Өзбекстанда Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчөлүгү такталат.

1879887
Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчөлүгү

Ирандын президенти Ибрахим Раиси, өлкөсүнүн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчөлүгүнүн тактала турганын билдирди.

Ирандык студенттер кабар агенттигинин (ISNA) маалыматына караганда, Ибрахим Раиси ШКУнун жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга жөнөөр алдында Михрабад аэропортунда билдирүү жасады.

Раиси: «Өзбекстанга болгон сапарыбыздагы маанилүү тема, Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчөлүгү тактала турган документтерге кол коюлушу»,-деди.

Өлкөсүнүн мүчөлүгү уюмдун буга чейинки жыйынында ырасталганын эске салган президент, кол коюла турган документтердин Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан текшерилип, юридикалык процесстин аяктай турганын билдирди.

Өзбекстанга сапарынын берки максаттарына да токтолгон Раиси: «Бул сапар Өзбекстандын президентинин расмий чакыруусу менен эки тараптуу жолугушууга да, Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине да катышуу үчүн болуп жатат. Сапар коңшулукту, жакындыкты жана кызматташтыкты арттыруу сыяктуу ар кандай максаттарды көздөйт. Эки өлкөнүн соода көлөмү 500 миллион доллар деңгээлинде, бирок бул аздык кылат, биз аны көбөйтө алабыз»,-деп айтты.

15-16-сентябрь күндөрү Самаркандда өтө турган саммитке Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана президент Режеп Таййип Эрдоган баш болгон Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө, байкоочу жана чакырылган өлкөлөрдүн мамлекет башчылары катышат.



Тектеш кабарлар