«ТурАз Бүркүтү 2022» машыгуусу аяктады

Билдирүүдө учкучтар берилген тапшырмаларды профессионалдуу аткарып, машыгуу ийгиликтүү аяктаганы белгиленди.

1878267
«ТурАз Бүркүтү 2022» машыгуусу аяктады

Азербайжанда Түркия менен Азербайжандын Аскердик Аба күчтөрүнүн биргелешкен аскердик машыгуусу аяктады.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө,«ТурАз Карталы 2022» деп аталган машыгууда түркиялык жана азербайжандык учкучтардын жасалма душмандын аба жана жердеги буталарын жок кылуу, төмөнкү жана орто бийиктикте учкучтук жана согуштук маневрларды жана башка тапшырмаларды аткарганы билдирилди.

Билдирүүдө учкучтар берилген тапшырмаларды профессионалдуу аткарып, машыгуу ийгиликтүү аяктаганы белгиленди.

Азербайжанда Түркия менен Азербайжандын Аскердик Аба күчтөрүнүн биргелешкен аскердик машыгуусу 5-сентябрда башталган.



Тектеш кабарлар