Венгрияда түрк тектүү улуттар чогулушту

Венгриянын Бач-Кишкун аймагындагы Бугач шаарында түрк тектүү улуттарды жакындатуу максатында эки жылда бир өткөрүлүүчү программанын ачылыш сөзүн Венгрия Улуттук Парламентинин төрагасы Ласло Кёвер жасады.

1867607
Венгрияда түрк тектүү улуттар чогулушту
turk kokenli milletler macaristan’da bulustu.jpg
binali yildirim.jpg
turk kokenli milletler macaristan’da bulustu.jpg
turk kokenli milletler macaristan’da bulustu.jpg

Венгриянын Туран фонду тарабынан хунн-түрк элдерин жакындатуу максатында уюштурулган «Улуу курултайы» чоң көңүл бурууда.

Венгриянын Бач-Кишкун аймагындагы Бугач шаарында түрк тектүү улуттарды жакындатуу максатында эки жылда бир өткөрүлүүчү программанын ачылыш сөзүн Венгрия Улуттук Парламентинин төрагасы Ласло Кёвер жасады.

Түрк Мамлекеттери Уюмунун (TМУ) Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым түрк тектүү 35 уруу жана көп сандаган конок катышкан иш-чарада курултайдын ар башка географияларда жашаган түрк тектүүлөрдүн жолугушуп, биригүүсүнө чоң салым кошконун айтты.

ТМУнун аксакалы катары алардын ортосундагы кызматташтыктын жана тилектештиктин артышына салым кошкон курултайдын уюштурулушунан абдан кубанганын билдирген Йылдырым: «Биз биримдикке жана ынтымакка маани берген, уюшкандыкта жашоону эң башкы максат кылган элбиз. Мына ушул өзгөчөлүгүбүздөн улам тарыхтын ар бир доорунда эркин жана эгемендүү жашадык»,-деди.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр курултайга карата чогулган дос жана боордош өлкөлөрдүн биримдиги жана ынтымак руху дагы тереңдеп, бекемделет деп ишенерин билдирди.

Хун-түрк маданиятын чагылдырган чатырлар тигилип, көчмөндөрдүн согуш оюндары, ат оюндары, жаа атуу сыяктуу каада-салттар жанданган иш-чарада түрк тектүү өлкөлөрдөн бий жана музыка топтору сахнага чыкты.



Тектеш кабарлар