Бишкекте Түрк Мамлекеттери Уюмунун Аксакалдар кеңешинин жыйыны башталды

Бишкекте быйыл 13-ирет өткөрүлгөн Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) Аксакалдар кеңешинин жыйынына Азербайжан, Казакстан,Кыргызстан,Өзбекстан,Түрмөнстан жана Түркиянын ак сакалдары катышууда.

1865001
Бишкекте Түрк Мамлекеттери Уюмунун Аксакалдар кеңешинин жыйыны башталды
TDT.2.jpg
TDT.1.jpg

Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте быйыл 13-ирет өткөрүлгөн Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) Аксакалдар кеңешинин жыйыны башталды.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партиянын) төрага орун басары, Түрк Мамлекеттери Уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырымдын жетекчилигиндеги жыйынга Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) баш катчысы Багдат Амреев, кеңештин Кыргызстандагы өкүлү Медеткан Шеримкулов, Азербайжандын өкүлү Хасан Гасанов, Казакстандын өкүлү Икрам Адырбек, Өзбекстандын өкүлү Бахтияр Сайфуллаев жана Түркмөнстандын атынан Режеп Базаров катышууда.

Жыйында сүйлөгөн сөзүндө 11-ноябрда Өзбекстанда өтө турган Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) саммитине токтолгон Бинали Йылдырым:«Буга чейин 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Бурса облусундагы Изник ​​районунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөбүз. Биздин максат бул оюндарды дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө жайылтуу жана ошону менен маданий жана тарыхый биримдигибизди дагы да бекемдөө»,-деди.

Йылдырым бул оюндардын келечекте түрк мамлекеттери жана түрк дүйнөсү үчүн олимпиада болушу мүмкүн экенин айтты.

Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Ак сакалдар кеңешинин курамына киргенин белгилеген Йылдырым:«Бул Ак сакалдар кеңешин бекемдеген абдан маанилүү кадам. Анын биздин делегацияга кириши бизге күч берет»,- деди.

TМУ башкы катчысы Амреев Евразия чөлкөмү кыйынчылыктарга туш болуп жатканын белгилеп:«Дүйнө жана биздин аймак туш болгон коркунучтар жана чакырыктар боордош түрк мамлекеттеринин бири-бири менен кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын көрсөтүүдө»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар