Азербайжандын Тышкы иштер министри Грузияда

Жейхун Байрамов Грузиядагы жолугушууларынын негизинде Грузиянын премьер  - министри Иракли Гарибашвили менен жолугушту.

1855702
Азербайжандын Тышкы иштер министри Грузияда

Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Грузиядагы жолугушууларынын негизинде Грузиянын премьер  - министри Иракли Гарибашвили менен жолугушту.

Жейхун Байрамов расмий жолугушууларынын алкагында Грузиянын борбор шаары Тбилисиге барды.

Грузиянын премьер  - министри Иракли менен өкмөт администрациясынын имаратында жолугушкан министр Байрамов Азербайжан менен Грузиянын ортосундагы  достук, жакшы коңшулук жана стратегиялык өнөктүштүк карым  - катнаштарынын бекем бир пайдубалдын үстүнө курулгандыгын айтты.

Министр Байрамов эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий диалог жана өз ара сапарлардын мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө оң түрткү бергенин баса белгиледи.

Грузиянын Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы сүйлөшүүгө  үй ээси болгону үчүн ыракмат айткан Байрамов кагылышуулардан кийинки мезгилде Азербайжан  - Армения карым  - катнаштарынын калыбына келишине карата ташталган кадамдар тууралуу премьер  - министр Гарибашвилиге маалымат берди.

Гарибашвили да Азербайжан менен Грузиянын ортосундагы эки тараптуу карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшүнө ыраазы экендигин айтты.

Тынчтык үчүн болгон аракеттерди кубаттагандарын жана Грузиянын бул процессти колдогонун белгилеген Гарибашвили Грузияда боло турган Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун абдан маанилүү экенин белгиледи.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, соода, энергетика, транспорт, гуманитардык маселелер боюнча пикир алмашуулар болду. Министр Байрамов бүгүн армениялык  кесиптеши Арарат Мирзоян менен Тбилисиде биринчи жолу жолугушуу өткөрөт.



Тектеш кабарлар