Илхам Алиев Эрдоганга 15 - июль тууралуу кат жазды

Алиев төңкөрүш кыймылына бөгөт коюу үчүн өз жанын аябаган  шейиттердин элесин терең урмат  - сый менен эскергендигин белгиледи.

1855549
Илхам Алиев Эрдоганга 15 -  июль тууралуу кат жазды

Азербайжандын Президенти Илхам Алиев  түрк калкынын алты жыл мурда мекендин көз карандысыздыгы менен эгемендүүлүгүн жактап, мамлекетти жана демократияга ээ чыгуу менен чыныгы баатырдык жана каармандыктын үлгүсүн көрсөткөндүгүн, күчүн жана улуулугун дүйнөгө дагы бир жолу далилдегендигин белгиледи.

Илхам Алиев Фетуллахчы террордук уюмдун төңкөрүш кыймылынын 6   жылдыгынан улам Президент Режеп Таййип Эрдоганга кат жиберди.

Алиев төңкөрүш кыймылына бөгөт коюу үчүн өз жанын аябаган  шейиттердин элесин терең урмат  - сый менен эскергендигин белгиледи.

Алиев түрк калкынын 6 жыл мурда мекенинин көз карандысыздыгын жана эгемендигин жактап, мамлекетке, демократияга ээ чыгуу менен чыныгы бир каармандыктын үлгүсүн көрсөткөндүгүн, күчүн жана улуулугун дүйнөгө дагы бир жолу далидегендигин айтты. Алиев : «Элдин сизге (Президент Эрдоганга) болгон түбөлүк ишеними, сиздин айланаңызда биригиши, түрк мамлекетине жасалган кыянаттыкты алдын алууда жана өлкөңүздүн бул оор сыноодон чыгуусунда чечүүчү роль ойноду. Улуттук биримдиктин жана ынтымактын, майтарылбас эрктин жана күчтүү лидерликтин көрсөткүчү болгон бул к жеңиш түрк мамлекетинин тарыхында түбөлүккө жазылып калды»,- деди.

Азербайжан калкы жана мамлекетинин алгачкы минуталарынан тарта боордош Түркиянын жанында болгондугун, чыккынчылык төңкөрүш кыймылын катуу айыптагандыгын белгилеген Азербайжандын президенти билдирүүсүндө : «Бир улут, эки мамлекет принцибинин негизинде бактылуу жана кайгылуу күндөрдө бири бирине колдоо көрсөткөн элдерибиз кыйын мезгилдерде да бири бирине жардам берип, бир туугандыгын далилдеп жатат. Мындан кийин да  ар бир темада Түркиянын жанында болобуз»,- деди.



Тектеш кабарлар