Абдуллахиян менен Байрамов эки тараптуу мамилелерди талкуулашты

Абдуллахиян расмий жолугушуулар үчүн өлкөсүнө келген азербайжандык кесиптеши Байрамов менен борбор шаар Тегеранда Тышкы иштер министрлигинин имаратында жолугушту.

1851769
Абдуллахиян менен Байрамов эки тараптуу мамилелерди талкуулашты

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян менен Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов «эки тараптуу карым-катнаштарды жана аймактык маселелерди» талкуулашты.

Абдуллахиян расмий жолугушуулар үчүн өлкөсүнө келген азербайжандык кесиптеши Байрамов менен борбор шаар Тегеранда Тышкы иштер министрлигинин имаратында жолугушту.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында Абдуллахиян Байрамов менен эки тараптуу маселелер боюнча пикир алмашышканын жана эки өлкөнүн ортосундагы ишеним жана кызыкчылыктын негизинде мамилелерди тереңдетүүгө көңүл бурушканын айтты.

Өлкөлөрдүн жеринин бүтүндүгүнө маани бергендерин белгилеген Абдуллахиян: «Биз Тоолуу Карабах чатагын тынчтык жолу менен чечүүгө басым жасадык. Жаңжал башталгандан бери (Армения менен) Иран кризисти диалог аркылуу чечүүгө даяр экенин билдирди»,-деп айтты.

Абдуллахиян, акыркы айларда эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүндөгү секириктен ыраазы экендиктерин белгилеп, бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн соода жана экономикалык карым-катнаштарды жакшыртышына үмүттөнөрүн билдирди.

Абдуллахиян тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен өткөн аптада борбор шаар Анкарада болгон жолугушуусуна да токтолуп: «Биз Иран, Азербайжан жана Түркиянын Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде Тегеранда үч тараптуу жолугушуу өткөрүшү керек деп макулдаштык»,- деди.

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Тегеранга сапарынын планына токтолгон ирандык министр расмий сапарга байланыштуу сунуштарды бүгүн баалашарын белгиледи.

Байрамов ошондой эле 2021-жылы соода карым-катнаштарда 30 пайыздык өсүш болгондугун, бирок дараметтер бул көрсөткүчтөн жогору болгонун белгиледи.

Байрамов, март айында болуп өткөн Биргелешкен экономикалык комиссиянын отурумунда Ирандын аймагы аркылуу Зангезур экономикалык районун Нахчыван менен бириктирүү долбоору сунушталганын билдирди.

Техникалык сүйлөшүүлөр жана долбоордун орду боюнча макулдашышканын белгилеген Байрамов:«Жакында облустагы биринчи көпүрөнүн курулушу башталат»,-деп айтты.

Байрамов Азербайжан-Армения мамилелерине да токтолуп: «Азербайжан согуштан кийин Армения менен мамилесин жөнгө салууну каалайт жана бул жаатта кадам таштады»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар