Казакстан менен Ирандын ортосунда бир канча келишимдер түзүлдү

Ирандын расмий ИРНА агенттигинде орун алган кабарга караганда президент Ибрахим Раиси менен борбор шаар Тегеранга расмий сапар менен барган казакстандык кесиптеши Касым Жомарт Токаев Садабад сарайында жолугушту.

1845415
Казакстан менен Ирандын ортосунда бир канча келишимдер түзүлдү

Иран менен Казакстан түрдүү тармактарда өз ара түшүнүшүү боюнча 9 меморандумга кол коюшту.

Ирандын расмий ИРНА агенттигинде орун алган кабарга караганда президент Ибрахим Раиси менен борбор шаар Тегеранга расмий сапар менен барган казакстандык кесиптеши Касым Жомарт Токаев Садабад сарайында жолугушту.

Раиси менен Токаевдин аймактык маселелерди жана эки тараптуу карым-катнаштарды талкуулаган эки тараптуу жолугушуудан кийин кол коюу аземи башталды.

Эки өлкөнүн министрлери «транзиттик транспорт, энергетика, маданий айыл чарба, соода-экономикалык алмашуу жана башка тармактарды өнүктүрүүнү» камтыган 9 меморандумга кол коюшту.

Андан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн президент Раиси, Иран менен Казакстандын ортосундагы карым-катнаштардын өнүгүшүнө негиз түзө турган көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экенин жана келишимдерге кол коюу эки өлкөнүн мамилелерди өнүктүрүүгө эркинин маанилүү белгиси экенин белгиледи.

Эки өлкөнүн өнүгүү үчүн дагы көп аракет кылышы керектигин билдирген Раиси: «Биз эки өлкөнүн аймактык карым-катнаштары менен бирге эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө чечкиндүүбүз. Эки өлкөнүн Шанхай Кызматташтык Уюму жана Евразия Биримдиги сыяктуу аймактык уюмдардагы кызматташтыгы аймакта дагы артышы мүмкүн»,-деди.

Казакстандын президенти Токаев дипломатия жаатындагы алака-катыштар илгерилегенин, Раисинин президенттик учурунда Тегеран менен Алматынын ортосундагы кызматташтык жана достук бекемделе баштаганын билдирди.

Бүгүнкү жолугушууда кеңири сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөнүн жана көптөгөн маселелерге баа бергендерин айткан Токаев ирандыктар Казакстанга 14 күн визасыз бара ала турганын билдирди.



Тектеш кабарлар