Казакстандын президенти : "Донецк жана Луганскты тааныбайбыз"
Токаев 25 - Санкт Петербург эл аралык экономика форумунун негизинде Россиянын президенти Владимир Путин менен катышкан негизги жыйында сөз сүйлөдү.
Казакстандын президенти Касым - Жомарт Токаев Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск элдик республикаларын тааныбай тургандарын айтты.
Токаев 25 - Санкт Петербург эл аралык экономика форумунун негизинде Россиянын президенти Владимир Путин менен катышкан негизги жыйында сөз сүйлөдү.
Мүчөсү болгон Евразия Экономикалык Биримдигинин Азия жана Жакынкы Чыгыш базарында кеңейүүсү керектигин белгилеген Токаев : "Чынын айта турган болсок пайдасы болбогон каршы санкциялардын ордуна Азия жана Жакынкы Чыгыш базарларын кенен түрдө камтыган активдүү жана ийкемдүү бир соода саясаты жүргүзүлүшү керек. Бул жерде Казакстан буфер базар катары роль ойной алат",- деди.
Журналисттердин суроолоруна жооп берген Токаев Казакстандын Донецк жана Луганскка карата мамилесине баа берди. Токаев : "Бир улуттун өз тагдырын өзү белгилөө укугу бүткүл дүйнөдө эффективдүү ишке ашырыла турган болсо анда азыркы учурда БУУга мүчө 193 мамлекеттин ордуна 600дөн ашуун өлкө пайда болушу керек эле. Албетте бул бир хаос. Ушул себептен Тайванды да Косованы да
Түштүк Осетияны, Абхазияныда тааныбайбыз жана бул Донецк менен Луганск үчүн да тиешелүү",- деди.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.