Чавушоглу ТКТРде Парламент жана Премьер-министрликтерге барып жолугушту

Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы жолугушууларынын алкагында алгач Республика Парламентинин Төрагасы Төре менен кеңсесинде жолугушту.

1842548
Чавушоглу ТКТРде Парламент жана Премьер-министрликтерге барып жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Парламентинин төрагасы Зорлу Төре жана премьер-министр Үнал Үстел менен жолугушту.

Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы жолугушууларынын алкагында алгач Республика Парламентинин Төрагасы Төре менен кеңсесинде жолугушту.

Чавушоглу сапарга байланыштуу твиттер эсебинен бөлүшүп:«ТКТР Республикасынын Парламентинин Төрагасы Зорлу Төре жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламентинин төрагалык кеңешинин мүчөлөрү менен жолугуштук. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын үнүн дүйнөгө дагы да бийик уктурушу үчүн чечкиндүүлүк менен иштөөнү улантабыз»,-деди.

Чавушоглу андан соң премьер-министр Үстелдин кеңсесине барып жолугушту.

Чавушоглу жолугушуу тууралуу твиттер эсебинен бөлүшүүсүндө: «Биз Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Премьер-министри Үнал Үстел жана анын өкмөттүк өнөктөштөрү менен жолугуштук. Кипрдик түрктөрдүн жыргалчылыгы, өнүгүүсү жана коопсуздугу ар дайым биздин приоритетибиз. Биздин күчүбүз - биримдигибиз, биримдигибиз - күчүбүз!»,-деген сөз айкаштарын колдонду.

Чавушоглу мурдараак Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар жана тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу менен жолугушкан.



Тектеш кабарлар