Орто Азия мамлекеттери менен Кытай кызматташууну кеңейтет

Казакстандын борбор шаары Нур  -  Султанда тышкы иштер министри Мухтар Тилеубердинин жетекчилигинде өткөн «Орто Азия жана Кытайдын тышкы иштер министрлеринин 3 -  жыйыныа» болду.

1840062
Орто Азия  мамлекеттери менен Кытай кызматташууну  кеңейтет

Орто Азия мамлекеттери менен Кытай аймакта тынчтык, туруктуулук жана коопсуздуктун сакталышы боюнча кызматташууну кеңейтет.

Казакстандын борбор шаары Нур  -  Султанда тышкы иштер министри Мухтар Тилеубердинин жетекчилигинде өткөн «Орто Азия жана Кытайдын тышкы иштер министрлеринин 3 -  жыйынына» Кыргызстандын тышкы иштерминистри Жээнбек Кулубаев, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов, Өзбекстандын тышкы иштер министринин  аткаруучу өкүлү Владимир Норов, Тажикстандын Тажикстандын транспорт министри Азим Ибрагим жана Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Йи катышты.

Жыйында  тараптар Борбор Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн аймактагы тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту сактоодо, ошондой эле туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүдө маанилүү экенин баса белгилешти.

Жыйында Орто Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы коопсуздук, транспорт жана логистика, энергетика, өнөр жай, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, жашыл экономика, маалымат индустриясы, саламаттыкты сактоо, билим берүү, туризм, маданият жана башка стратегиялык тармактарды камтыган жол картасы бекитилди.

Казак министри Тилеуберди жыйындан кийин жасаган билдирүүсүндө: «Диалог форматындагы жыйындын алкагында биз көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоого, анын олуттуу потенциалын ачууга жана Орто Азия аймагын өнүккөн аймакка айлантууга кызыкдар экенибизди дагы бир жолу ырастадык»,- деди.

Кытайдын тышкы иштер министри Ванг болсо өлкөсүнүн Орто Азия өлкөлөрү менен көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү ниетинде экенин билдирди.

Ванг жыйында  өз ара урмат-сый,  жакшы коңшулаштыктын алкагында Орто Азиянын көз карандысыздыгы, тынчтыгы жана келечеги үчүн биргелешкен күч-аракетти жумшоо боюнча  макулдашкандарын белгиледи.

Ванг Кытай-Европа жолунун коопсуз жана туруктуу иштешин камсыздай тургандыктарын баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар