Азербайжан украиналык качкындар үчүн гуманитардык жардам берди

29 тонна гуманитардык жардамды ташыган учак эрте менен борбор шаар Бакудагы Гейдар Алиев аэропортунан учту.

1812894
Азербайжан украиналык качкындар үчүн гуманитардык жардам берди

Азербайжан Украина кризисинен улам Молдовага барган украиналык качкындардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн медициналык каражаттардан турган гуманитардык жардам жөнөттү.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта 1 миллион 700 миң манаттан (1 миллион доллар) ашкан 29 тонна гуманитардык жардамды ташыган учак эрте менен борбор шаар Бакудагы Гейдар Алиев аэропортунан учкандыгы белгиленди.

Азербайжан буга чейин да Украинага дары -дармек, медициналык каражаттар жана азык-түлүктөн турган 11,5 миллион еврого жакын 520 тонна гуманитардык жардам жөнөткөн.



Тектеш кабарлар