Түркмөнстандагы президенттик шайлоодо Сердар Бердымухамедов жеңишке жетти
9 талапкер ат салышкан президенттик шайлоого катышуу 97,12 пайызды түздү.
1795743
Түркмөнстанда 12-мартта өткөрүлгөн президенттик шайлоону Сердар Бердымухамедов жеңди.
Болжол менен 6,2 миллион калкы бар Түркмөнстанда, өлкө боюнча орнотулган 2577 урнада 3 миллион 435 миң 950 шайлоочу добуш берди.
9 талапкер ат салышкан президенттик шайлоого катышуу 97,12 пайызды түздү.
Добуштардын 72,97 пайызын алган Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын жаңы мамлекет башчысы болду.