Азербайжан 8 аскерди Арменияга өткөрүп берди
Экстрадициялангандардын 16-ноябрда эки өлкөнүн чек арасынын Келбежер багытында провокация жасоого аракет кылганда кармалган аскерлер экени айтылды.
Азербайжан камактагы 8 аскерди Арменияга өткөрүп берди.
Азербайжандын туткундар, дайынсыз жоголгондор жана барымтага алынган жарандар боюнча мамлекеттик комитетинин билдирүүсүндө, экстрадициялангандардын 16-ноябрда эки өлкөнүн чек арасынын Келбежер багытында провокация жасоого аракет кылганда кармалган аскерлер экени айтылды.
Билдирүүдө армян тараптын бул кадамга жооп катары 1-Карабах согушунда өлтүрүлгөн жана массалык мүрзөлөргө көмүлгөндүгү болжолдонгон азербайжан жарандары жана аскерлери, ошондой эле массалык көрүстөндөрдүн жайгашкан жерлери тууралуу Азербайжанга маалымат бериши керектиги белгиленди.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Европа (ЕБ) кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен 4-февралда өткөргөн төрт тараптуу видеолуу конференцияда 1-Карабах согушунда жоголгон Азербайжан жарандарынын абалын күн тартибине коюп, Пашинян болсо бул маселе боюнча кызматташууга убада берген. Франциянын президенти Макрон да бул теманы колдогон.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.