Азербайжан менен Ирандын Коргоо министрлери жолугушту

Азербайжандын коргоо министри генерал Закир Хасанов Ирандын борбор шаары Тегеранда Ирандын коргоо министри Мухаммад Реза Аштиани менен жолугушту.

1768608
Азербайжан менен Ирандын Коргоо министрлери жолугушту

Азербайжандын коргоо министри генерал Закир Хасанов Ирандын борбор шаары Тегеранда Ирандын коргоо министри Мухаммад Реза Аштиани менен жолугушту.

Ирандын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Хасанов менен Аштиани коопсуздук жана аскердик  карым - катнаштар менен катар аймактык өнүгүүлөрдү сүйлөштү.

Хасанов жолугушууда «Иран бийлигине Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн колдогону үчүн ыраазычылык билдирди» жана эки өлкөнүн ортосундагы карым - катнаштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Хасанов Ирандын коргоо министри Аштианини Бакуга чакырды.

Иран менен Азербайжандын көптөгөн тарыхый жана маданий орток жактары бар экенин белгилеген Аштиани эки өлкөнүн карым-катнаштарынын түрдүү тармактарда өнүктүрүлүшү керектигин айтты.

Иран министри эки өлкөнүн коргонуу жана коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө жана тереңдетүү өздөрү үчүн маанилүү экенин баса белгилеп : «Эки өлкө тең геосаясий өзгөчөлүгүнөн улам баардык тармакта карым  - катнаштарды  өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ»,-деди.

Маалыматка караганда, Хасановдун сапары коргонуу жана коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты арттыруу максатында болду.



Тектеш кабарлар