Путин менен Алиевдин сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Путин менен Алиев Орусия-Азербайжан стратегиялык өнөктөштүгү келечекте бекемделе турганын ырасташты.

1764691
Путин менен Алиевдин сүйлөшүүсү

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев Украина маселесин телефон аркылуу сүйлөштү.

Орусиянын Президенттик (Кремль) сарайынын билдирүүсүнө караганда, телефондогу сүйлөшүүдө Путин Алиевге Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана шериктештери менен коопсуздук кепилдиги боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди.

Казакстандагы окуялар да талкууланган сүйлөшүүдө, бул өлкөдөгү кырдаалдын тез турукташканына ыраазы экендиктери айтылды.

Сүйлөшүүдө Путин менен Алиев да Орусия-Азербайжан стратегиялык өнөктөштүгү келечекте бекемделе турганын ырасташты.

Азербайжандын президенти Алиев 14-январда борбор калаа Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушкан.



Тектеш кабарлар