Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель Токаев менен сүйлқштү

Мишель Токаев менен видеоконференция аркылуу сүйлөшкөндүгү тууралуу соцтармактан маалымат берди.

1760323
Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель  Токаев менен сүйлқштү

Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев менен сүйлөшүп, бул өлкөнүн туруктуулугун колдой тургандыктарын билдирди.

Мишель Токаев менен видеоконференция аркылуу сүйлөшкөндүгү тууралуу соцтармактан маалымат берди.

Казакстандагы акыркы абалдарды сүйлөшкөндөрүн билдирген Мишел, бир жумадан бери уланып жаткан окуяларда каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Мишель Казакстан менен өнөктөштүктүн маанисин, Европа Биримдигинин өзгөчө адам укуктары жана   негизги эркиндиктеринин алкагында өлкөнүн эгемендигин, коопсуздугун жана туруктуулугун колдоорун баса белгиледи.

Казакстанда 2 -  январда суюлтулган мунай газынын кымбатташы жана өлкөдөгү социалдык - экономикалык абалдын начарлашына байланыштуу нааразылык акциялары башталган.

Нааразылык акциясында коопсуздук күчтөрү менен митигчилердин ортосунда кагылышуу чыкты. Коопсуздук күчтөрү өзгөчө өлкөнүн түштүгүндөгү Алматы шаарында полиция унааларын өрттөп, өкмөттүк имараттарга кирген митингчилерге кийлигишти.

Казакстандын президенти Токаев нааразылык акцияларынан өкмөттү жооптуу деп,  өкмөттүн отставкасын кабыл алды.

Нааразылык акцияларынын жалпы өлкөгө жайылышы менен өзгөчө кырдаал жарыяланды. Митингчилердин коомдук имараттарды басып алышы жана курал колдонуусунун натыйжасында Нур – Султан башкаруусу коопсуздук күчтөрүнө операцияга уруксат берди.

7 - январда өлкөнүн бардык аймактарында конституциялык тартип орнотулганын белгилеген Токаев: «Террорчулар дагы эле курал колдонуп, жарандардын мүлкүнө зыян келтирип жатышат»,-деп билдирген.



Тектеш кабарлар