Эрсин Татар Анастасиадис менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Татар жана Түштүк Кипр Түрк Республикасынын лидери Анастасиадис жаңы жылдык тилектерин да билдиришти.

1760905
Эрсин  Татар Анастасиадис менен телефон аркылуу сүйлөштү

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар, Рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадис менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  президенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда сүйлөшүүдө лидерлер бүгүн эрте менен Жер Ортолук деңизинде Кипр аралына жакын жерде болгон жер титирөө жана аралдын чоң бөлүгүндө сезилген бирок адам өмүрүнө жана олуттуу зыянга алып келбеген жер титирөөдөн улам бири бирине көңүл айтышты.

1953 -  жылы 6,1 баллдык жана кургактыкта болгон жер титирөө Кипрде болгон эң кыйратуучу жер титирөө катары катталган «Баф» жер титирөөсүнөн да сөз кылынып,  бүгүн эрте менен болгон жер титирөөдө адам өмүрүнө жана олуттуу зыянга учуроонун болбошу жубатуучу экендиги да айтылды.

Президент Татар жана Түштүк Кипр Түрк Республикасынын лидери Анастасиадис ушул себеп менен жаңы жылдык тилектерин да билдиришти.

Президент Татар 6,4 баллдык жер титирөөдөн кийин соцтармактан берген маалыматта Баф  жакындарында болгон жана бардык аймакта сезилген жер титирөөдө эч бир чыгымдын аныкталбагандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар