Казакстанда 10 - январда улуттук аза күтүү боюнча чечим кабыл алынды

Борбор шаардын бардык кирип  - чыгуу жолдоруна полициялык көзөмөлдөө посттору курулду.

1759292
Казакстанда  10 -  январда улуттук аза күтүү боюнча чечим кабыл алынды
kazakistan2.jpg
kazakistan1.jpg
kazakistan.jpg

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев 10 -  январда улуттук аза күтүү боюнча чечим кабыл алды. 

Прзиденттиктин интернет сайтында орун алган кабарда : "Казакстанда болгон террордук кыймылдардын натыйжасында адамдардын каза болгондугуна байланыштуу 2022 -  жылдын 10 -  январында жалпы өлкөдө аза күтүү жарыяланды",- деп билдирилди. 

Ошол эле учурда Казакстандын борбор шаары Нур - Султанда өзгөчө кырдаал шарттары астында жашоо улантылууда.

Борбор шаарда жалпы өлкөдө жарыяланган «жогорку кооптуу абалдан» улам коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Шаарда президенттик сарай Акорда башта болгон бардык расмий мамлекеттик имараттар менен социалдык объектилер атайын кыймыл аскерлери тарабынан күнү – түнү коргоого алынууда.

Борбор шаардын бардык кирип  - чыгуу жолдоруна полициялык көзөмөлдөө посттору курулду.

Чоң соода   жана оюн -  зоок борборлору, кафе, ресторандардын көпчүлүгү жабылган шаарда маркеттерден гана соода кылууга болот.

Банктар менен валют алмаштыруучу жайлардын иши токтогондугуна байланыштуу жана интернет үзгүлтүктөрүнөн улам төлөмдөрдө накталай акчага муктаж болгон шаар тургундары банкоматтардын алдында кезекке турушту.

Саат 23 :00 – 07:00 арасында коменданттык саат киргизилген Нур  - Султан полициянын катуу  көзөмөлүндө.

19 -  январга чейин өзгөчө кырдаал жарыяланган шаарда эч бир кагылышуунун болбогондугу, жалпысынан абалдын туруктуу экендиги байкалууда.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда өлкөдө 2 -  январда суюлтулган газдын кымбатташы менен чыккан окуялар боюнча  араларында башка өлкөлөрдүн жарандары да болгон 4 266 киши камакка алынды.

Казакстандын мурдагы Улуттук Коопсуздук Комитетинин төрагасы Карим Масимов да мамлекетке кыянаттык кылуу менен камакка алынды.

Казакстандын куруучу президенти Нурсултан Назарбаевдин өлкөдөн чыгып кеткендиги боюнча сөздөрдүн чындыкты чагылдырбагандыгы билдирилди.

Назарбаевдин катчысы Айдос Үкибай  твиттерден берген маалыматында Назарбаевдин борбор шаар Нур  -  Султанда экендигин, бир топ кеңешүү жыйындарын өткөргөндүгүн, Касым Жомарт Токаев менен телефон аркылуу байланышта экендигин билдирди.

Назарбаевдин дос өлкөлөрдүн лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн белгилеген Үкибай куруучу президенттин учурдагы кыйынчылыктардан өтүү, өлкөнүн бүтүндүгүн түзүү үчүн элди президент Токаевдин айланасында чогулууга чакыргандыгын белгиледи.

 

 

 



Тектеш кабарлар