Түрк Мамлекеттери Уюму: «Казакстанга колдоо көрсөтүүгө даярбыз»
Уюм билдирүү жарыялады.
Түрк Мамлекеттери Уюму Казакстандагы окуяларга байланыштуу тилектештик билдирүүсүн жарыялады.
Уюмдун билдирүүсүндө: «Түрк Мамлекеттери Уюмуна мүчө өлкөлөр Казакстандагы акыркы окуялардан улам Казакстанда тынчтык жана ырааттуулукка маани бергенибизди баса белгилеп, мүчө өлкө Казакстан менен бекем тилектештигибизди билдиребиз»,-деп айтылды.
Казак элинин акыл-эстүүлүгүнө жана нормалдуу жашоого кайтууга умтулуусуна ишенгендерин баса белгилеген уюмга мүчө мамлекеттер: «Биз казак бийлигинин тынчтыкчыл жол менен маселени чечүүгө, тартип жана бейпилдикти калыбына келтирүүгө дарамети бар деп эсептейбиз. Казакстандын өкмөтүнө жана элине алар муктаж болгон бардык колдоолорду көрсөтүүгө даяр экенибизди билдиребиз»,-деп кабарлашты.
Ошондой эле окуяларда каза болгондорго байланыштуу көңүл айтылып, жаракат алгандар үчүн тез сакайып кетүү тилеги билдирилди.
Казакстан Түрк Мамлекеттери Уюмунун Азербайжан, Түркия, Кыргызстан жана Өзбекстан менен биргеликте 5 мүчөсүнүн бири болуп саналат.
Түркмөнстан менен Венгрия болсо уюмга байкоочу мүчө мамлекеттердин катарында.
2009-жылы Түрк Кеңеши деген ат менен негизделген уюм 2021-жылдын ноябрь айында Түркияда өткөн саммитте азыркы аталышын алган.