ТКТР «Бир арал, эки мамлекетке» басым жасоодо

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу Кипр темасында басма сөзгө маалымат берди.

1753724
ТКТР «Бир арал, эки мамлекетке» басым жасоодо

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу, түрк тарап катары аралда эки башка мамлекеттин болушуна таянып, эгемендик теңчилик жана тең эл аралык статус саясатына келишкендерин айтты.

Министр Эртугрулоглу Кипр темасында басма сөзгө маалымат берди.

Тышкы саясатынын негизги принцибинин тең эл аралык статустун болушу экенин баса белгилеген Эртугрулоглу:«Аралда эки мамлекет бар. «Бир арал, эки мамлекет» чындыгы ачыкка чыгышы керек»,-деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриштин чакыруусу менен 27-29-апрелде Швейцариянын Женева шаарында БУУнун расмий эмес 5 (Кипрдик тараптар менен катар Түркия, Греция жана Англия) Кипр конференциясы өткөрүлгөнүн эске салган Эртугрулоглу, БУУнун баш катчысы негиз жок деген жүйө менен 2-3 айдан кийин жаңы жыйынга чакырып, жыйынды жапканын айтты.

Эртугрулоглу БУУнун баш катчысынын апрель айында Женевада «2-3 айдан кийин кайра чакырам» дегенине карабастан дагы эле тараптарды чакырбаганын айтты.

«БУУнун башкы катчысы да Кипрде тараптардын ортосунда орток пикир жок экенин билет. Ал муну жарыя кылбоо үчүн убакыт жагынан ойноп жатат»,-деди ал.

Эртугрулоглу дүйнө, өзгөчө БУУ Кипр маселесинин реалдуулуктарына ылайык саясатты кабыл алса, «бир арал, эки мамлекет» саясатынын алдыңкы планга чыга турганын, мунун кабыл алынышынан кийин ТКТРнын таанылышы багытында активдүү саясат жүргүзүүгө өтө ала тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар