Борбор Азия өлкөлөрүндө 400 миллион тоннадан ашык радиоактивдүү калдыктар бар

Өзбекстандын Мамлекеттик өнөр жай коопсуздук комитетинин радиациялык жана ядролук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Сардорбек Якуббеков, маалымат жыйын өткөрдү.

1748125
Борбор Азия өлкөлөрүндө 400 миллион тоннадан ашык радиоактивдүү калдыктар бар

Борбор Азия өлкөлөрүндө 400 миллион тоннадан ашык радиоактивдүү калдыктар бар.

Өзбекстандын Мамлекеттик өнөр жай коопсуздук комитетинин радиациялык жана ядролук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Сардорбек Якуббеков, маалымат жыйынында Борбор Азия өлкөлөрүндө 418 миллион тонна радиоактивдүү калдыктар бар экенин билдирди.

Якуббеков өлкөдөгү жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү радиоактивдүү калдыктар тууралуу маалымат берип, СССР учурунда уран кендерин иштетүүнүн натыйжасында аймакта көп сандагы радиоактивдүү калдыктар топтолгондугун билдирди.

Радиоактивдүү калдыктар көйгөйүнүн бардык Борбор Азия өлкөлөрүнүн көйгөйү экенине көңүл бурган Якуббеков Казакстанда 240 миллион тонна, Кыргызстанда 132 миллион тонна, Тажикстанда 42 миллион тонна жана Өзбекстанда 4 миллион тонна радиоактивдүү калдыктар бар экенин белгиледи.

Өзбекстанда радиоактивдүү калдыктардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин көзөмөлдөө боюнча атайын программа кабыл алынганын белгилеген Якуббеков, бул программанын алкагында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында өлкөдө радиациянын деңгээли нормадан ашкан аймак жок экенин көрсөткөнүн айтты.

Якуббеков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа Биримдиги жана башка өлкөлөр таштандылар табылган аймактардын экологиялык абалын жакшыртуу үчүн биринчи гранттык 2 миллион евро бөлүүнү чечкенин билдирди.



Тектеш кабарлар