Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда союздаштык декларациясына кол коюлду

Шавкат Мирзиеев казак кесиптеши Жомарт Токаев тарабынан салтанаттуу азем менен тосуп алынды.

1743732
Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда союздаштык декларациясына кол коюлду

Казакстан менен Өзбекстан эки тараптуу мамилелердин статусун шериктештик деңгээлге көтөрүүнү көздөгөн декларацияга кол коюшту.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Казакстанга расмий сапарынын алкагында борбор шаар Нур-Султандагы "Акорда" мамлекеттик резиденциясында казак кесиптеши Жомарт Токаев тарабынан азем менен тосуп алынды.

Бетме-бет жолугушуудан кийин лидерлер өз делегациялары менен кеңейтилген жыйында жолугушту.

Токаев бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык карым-катнаштарды шериктештик деңгээлге көтөрүү үчүн биргелешкен чечим кабыл алышканын, бул чечим эки өлкөнүн карым-катнаштарын жаңы сапаттык деңгээлге чыгара турганын белгиледи.

Мирзиёев да Казакстан менен түзгөн өзгөчө бир туугандык мамилелерди абдан баалуу деп эсептегендерин баса белгилеп, көп кырдуу кызматташтыкты, актуалдуу маселелердеги кызыкчылыктардын окшоштугун жана позициялардын бирдей экенин дагы бир жолу ырастагандарын билдирди.

Андан соң Казакстан менен Өзбекстан алакаларды союздаштык деңгээлге көтөрүүнү көздөгөн мамлекеттер аралык декларацияга кол коюшту.



Тектеш кабарлар