Азербайжан армиясы "Байрактар" куралдуу учкучсуз учуучу учактар менен машыгуу өткөрдү
Азербайжандын Коргоо министрлиги машыгуунун көрүнүштөрүн бөлүштү.
1742087
Азербайжан армиясы Түркияда чыгарылган "Байрактар" куралдуу учкучсуз учуучу учактар менен машыгуу өткөрдү.
Азербайжандын Коргоо министрлиги тарабынан бөлүшүлгөн көрүнүштөрдө, "Байрактар" учагынын ангардан чыгарылып, учуу тилкесине алып барылышы жана жооптуу кызматкерлер тарабынан текшерилип, күйүүчү май жана ок-дарылар толтурулгандыгы байкалды.
Машыгуунун алкагында учкан куралдуу учкучсуз учуучу учактар душмандын өкүлчүлүк буталарын аныктап жок кылышты.