Түрк мамлекеттери уюмунун саммити Түркмөнстан үчүн бурулуш жери болду
Түркмөнстандын тышкы иштер министрлиги Стамбулда болгон Түрк мамлекеттери уюмунун саммитинин Түркмөнстан үчүн бурулуш жери болгондугун билдирди.
Түркмөнстандын тышкы иштер министрлиги Стамбулда болгон Түрк мамлекеттери уюмунун саммитинин Түркмөнстан үчүн бурулуш жери болгондугун билдирди.
Түркмөнстандын Тышкы иштер министринин орун басары Вепа Хажыев борбор шаар Ашкабадда өткөргөн пресс - жыйынында 12 - ноябрда Стамбулда өткөн Түрк мамлекеттери уюмунун саммити тууралуу маалымат берди.
Саммитке Түркмөнстандын байкоочу мүчө катары катышуусунун маанисин баса белгилеген Хажыев экономика, соода, инвестиция, экология, илим - билим жана түрдүү тармактарда биргеликтөө иштөө боюнча кенен мүмкүнчүлүктөрдүн бар экендигин айтты.
Хажыев маанилүү бир аймактык түзүлүш катары Түрк мамлекеттери уюмунун глобалдык баалуулуктар менен дүйнө элдерин бириктиргендигин жана өлкөлөр арасындагы адамзаттык карым - катнаштарды бекемдегенин билдирди.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.