Армяндар тарабынан жасалган террордук кол салууда 3 азербайжандык аскер жараланды
Азербайжан Башкы прокурорлгунун окуя тууралуу тергөө ишин баштаткандыгы маалымдалды.
Карабахта Азербайжан жана Россиянын аскерлерине армяндар тарабынан жасалган террордук кол салууда 3 азербайжандык аскер жараланды.
Азербайжандын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын биргелешкен билдирүүсүндө, Шуша шаарынын Ташалты кыштагынын жакындарында Азербайжан жана Россиянын аскерлери жайгашкан көзөмөл - өткөрүү пунктуна РГД-5 үлгүсүндөгү кол гранатасынын Норайр Мирзоян аттуу Армения жараны жана башкалар тарабынан ыргытылганы билдирилди.
Билдирүүдө кол салууда 3 Азербайжан аскеринин жаракат алгандыгы билдирилип, Азербайжан Башкы прокурорлгунун окуя тууралуу тергөө ишин баштаткандыгы маалымдалды.
Бир тараптан соцтармактарда Азербайжан жана Россиянын аскерлери кайтарган көзөмөл пунктуна кол гранатасынын ыргытылганын жана бир кишинин орус аскерлери тарабынан кармалганын көрсөткөн сүрөттөр социалдык тармактарда жарыяланды.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.