Акар: «Сунулган тынчтык колу Армения тарабынан мүмкүнчүлүк катары бааланышы керек»

Акар, Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер жана күч командирлери менен бирге Жеңиш майрамы үчүн барган Азербайжанда журналисттер менен жолугушту.

1731329
Акар: «Сунулган тынчтык колу Армения тарабынан мүмкүнчүлүк катары бааланышы керек»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Азербайжан менен Түркиянын сунган тынчтык колу Армения тарабынан бир мүмкүнчүлүк катары бааланышы керектигин айтты.

Акар, Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер жана күч командирлери менен бирге Жеңиш майрамы үчүн барган Азербайжанда журналисттер менен жолугушту.

Акар, (бир жыл мурун) 44 күндүк операциянын натыйжасында Азербайжандын армян баскынчылыгы астындагы жерлерин бошотуп, өз жерлеринин эгемендүүлүгүнө жана эркиндигине ээ болгонун белгилеп:«Түрк куралдуу күчтөрү катары азербайжандык боордошторубуз менен биргелешип иш алып баруу менен, чыккынчылык менен жайгаштырылган жана бейкүнөө адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурган колго жасалган жардыруучу заттар жана өзгөчө миналардан турган ар кандай коркунучтарды жок кылуу үчүн күнү-түнү иштеп жатабыз. Андагы тазаланган жерлер да чарбага киргизилет буюрса»,-деп айтты.

Акар, түрк-орус аскерлери кызмат кылган биргелешкен борбордун иш-аракеттери тууралуу суроого: «Борбордун белгиленген алкакта иштеши үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Бул жердеги максатыбыз ок атышпоонун үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана ок атышпоо менен аймакка ырааттуулукту алып келүү»,-деп жооп берди.

 «Аймакта абалды курчутууга багытталган кээ бир иш-чаралар бар» деген сөз айтылгандан кийин министр Акар: «Биз Азербайжандын өз жерлерин баскынчылардан сактап калуу үчүн аракет кылдык. Андыктан кийинки мезгилде бул согуштук аракеттер менен эч нерсеге жетпей тургандыгын ар бир адам түшүнүшү керек. Келечекке карашыбыз керек»,-деген баасын берди.

«Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын сунган тынчтык колу Армения тарабынан мүмкүнчүлүк катары бааланышын жана мүмкүнчүлүктөн пайдаланылышын каалайбыз»,-деп белгилеген Акар: «Ошондуктан Азербайжан, Армения, Түркия, Грузия, Орусия, Ирандын чогуу сүйлөшүү менен стабилдүү чөйрөнүн камсыздалышын күтүүдөбүз. Карагылачы, дүйнөдө кагылышуулар жана кыйынчылыктар болуп жаткан ар кандай аймактар ​​бар. Сөз болгон аймактар жөнүндө сүйлөшүп жана саясий чечимдерди тапкандар алда канча коопсуз жана гүлдөп өнүгүштү. Муну көрүш керек. Албетте, бул жерде негизги фактор - Армениянын муну түшүнүүсү жана бул мааниде окуяга ээлик кылуусу болуп саналат. Эгер муну түшүнүп, керектүү салымын кошсо, иш-аракетти кылса жана керектүү реакцияларды көрсөтсө, коопсуздук жана жыргалчылык жагынан да абдан олуттуу өнүгүүгө жетиши мүмкүн»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар