Азербайжан: «Армения аймактык кызматташуу менен негизсиз дооматтардын ортосунда тандоо жасашы керек»

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Карабах жеңишинин бир жылдыгына байланыштуу билдирүү таратты.

1730712
Азербайжан: «Армения аймактык кызматташуу менен негизсиз дооматтардын ортосунда тандоо жасашы керек»

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Армения аймактык кызматташуу менен кошуналарына мыйзамсыз жана негизсиз аймактык дооматтардын ортосунда тандоо жасашы керек деп билдирди.

Министрлик Карабах жеңишинин бир жылдыгына байланыштуу билдирүү таратты.

Билдирүүдө Армениянын күчөгөн кол салууларына жана чагымдарына каршы 2020-жылдын 27-сентябрында башталып, 44 күнгө созулган «Мекен согушунун» натыйжасында Азербайжандын жерлерин баскынчылардан бошоткону эске салынып, БУУнун Коопсуздук кеңешинин тийиштүү токтомдору жана берки эл аралык уюмдардын чечимдерине ылайыктуу түрдө өлкөнүн аймактык бүтүндүгү камсыздалганы жана 1 миллионго жакын азербайжандык иммигранттардын ата-бабаларынын мекенинде жашоо укугу камсыз кылынганы белгиленди.

Билдирүүдө Азербайжан, Орусия жана Армениянын лидерлери 2020-жылдын 10-ноябрында кол койгон үч тараптуу декларация менен Армениянын жеңилгенин моюнга алып, Келбежер, Агдам жана Лачин провинцияларынан аскерлерин чыгарып кеткени, ошондуктан маселе согуштук жана саясий жолдор менен чечилгени белгиленди.

Билдирүүдө Армениянын 30 жылга жакын агрессивдүү саясаты, эл аралык укуктун бузулушу жана согуш кылмыштары үчүн жоопко тартылышы үчүн Азербайжандын керектүү кадамдарды таштаганы жана бул процесстин уланып жатканы маалымдалды.

Адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана келечекте мындай жагдайлардын кайталанбашы үчүн күнөөлүүлөрдү жазалоонун маанилүүлүгү баса белгиленип, билдирүүдө төмөнкүдөй сөздөр айтылды: «Оккупациялык факторду жойгон Азербайжан эл аралык укуктун принциптерин, өзгөчө эгемендүүлүк, аймактык бүтүндүк жана эл аралык чек аралардын кол тийбестигин так сактаган шартта Армения менен мамилесин жөнгө салууга даяр. Азыркы этапта ал аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн үч тараптуу декларацияларды толугу менен ишке ашыруу маанилүү жана Азербайжандын бул багытта таштаган кадамдарына Армениянын жооп бериши күтүлүүдө. Армения аймактык кызматташтык менен мыйзамсыз жана негизсиз аймактык дооматтардын ортосунда тандоо жасоого тийиш. Эл аралык коомчулук бул жагынан позитивдүү роль ойноп, Арменияны тынчтыкка альтернатива жок экенин түшүнүүгө чакырышы керек. Армениядагы кекчил тенденцияларга жана бул өлкөнүн куралдануусуна түз же кыйыр түрдө колдоо аракеттерине бөгөт коюлушу зарыл».



Тектеш кабарлар