Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ант берип ишин баштады

Өзбекстанда 24 - октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Шевкет Мирзиёев ант берип, кызматына киришти.

1730163
Өзбекстандын президенти Шавкат  Мирзиёев ант берип ишин баштады

Өзбекстанда 24 - октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Шевкет Мирзиёев ант берип, кызматына киришти.

Өзбекстан парламентинин төмөнкү палатасы, Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Сенаттын жогорку палатасынын биргелешкен жалпы жыйынында Мирзиёев үчүн салтанаттуу иш - чара өткөрүлдү.

Салтанатка өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, дипломатиялык өкүлдөр менен журналисттер катышты.

Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамхожаев салтанатта сөз сүйлөп, президенттик шайлоодо жалпысынан 16 миллион 212 миң 343 шайлоочунун добуш берип, шайлоочулардын 80,4 пайызын түзгөнүн белгиледи.

Низамхожаев беш талапкер ат салышкан президенттик шайлоодо кайрадан Либерал-демократиялык партиядан көрсөтүлгөн Шевкет Мирзиёевдин жеңишке жетишип, 80,12 пайыз добуш алганын белгилеп, президенттик мандатын жана шайлоодо жеңишин көрсөткөн документти Мирзиёевге тапшырды.

Ант берүү аземинен кийин сөз сүйлөгөн Мирзиёев өлкө элине кайра шайланганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Анын шайлоодо жеңишке жетиши  жүргүзүп жаткан саясаттын эл тарабынан кабыл алынышынын жана тандап алган жолдун туура экендигинин көрсөткүчү экенин белгилеген Мирзиёев : «Мен Өзбекстандын президенти болуп шайланганымды жаңы Өзбекстанды куруу боюнча саясатыбызга берилген баа катары кабыл алам», - деди.



Тектеш кабарлар